28 декабря - Дайджест: Turmush - В Оше внутренние мигранты сталкиваются со сложностями с доступом к социальным услугам, оформлением ребенка в детский сад или школу

 

В Оше внутренние мигранты сталкиваются сложностями с доступом к социальным услугам, в том числе к доступу к медичнскийм услугам, трудно устроить ребенка в детский сад. Эти и другие темы были озвучены в ходе пресс-тура для журналистов по городу Ош 28 ноября 2018 года.

 

Как сообщается, подавляющее большинство внутренних мигрантов не имеют постоянной регистрации на территории города Ош.

 

 

ЧИТАТЬ ОРИГИНАЛ СТАТЬИ

 

Ош шаарындагы ички мигранттар балдарын бала бакчага берүүдө, медициналык жардам алууда кыйналышат. Бул тууралуу кечээ, 28-ноябрда укук коргоочулар тарабынан өткөрүлгөн пресс-турда маалым болду.

 

Ички мигранттардын басымдуу бөлүгү жашаган жерине туруктуу каттоого турбайт.

 

«Ички мигранттар шаарга иштегени же жашаганы келип убактылуу каттоодо турушат. Негизи мыйзамда ички мигранттар убактылуу каттоодо 1,5 ай гана тура алат. Андан ашып кеткенде алар туруктуу каттоого алынышы керек. Антпесе медициналык жардам, жер тилкесин алууда, балдарын мектепке жана бала бакчага берүүдө, шайлоого катышууда, пенсия жана жөлөк пул алууда көйгөй жаралат. Анткени алар шаарда иштеп, жашап жүрө беришет. Бирок каттоодо жок болуп чыгат. Ички мигранттар мурунку жашаган жеринен каттоодон чыгып, шаарга каттоого турсак, үлүш жана жөлөк пулдарыбыздан айрылып калабыз деген ойдо болушат. Мында эч кандай коркунуч жок, анткени алар Кыргызстандын ичинде жүрүшөт», - деди адам укуктары боюнча «Эдвокаси» борборунун координатору Бакыт Мойдунов.

 

Ал эми №12 Курманжан датка 2 аймактык кеңешинин төрагасы Мирлан Султановдун айтымында, Дача аймагында жашаган тургундар кичи автобуска түшүү үчүн 1 чакырым жолду жөө басышат.

 

«Дача тилкесинде 10 миңден ашык жашоочу бар. Биздин аймакта 21 көчө болсо, ага бир эле кичи автобус бөлүнгөн. Жашоочулар 1 чакырым жолду жөө басышат. Бул маселе да чечилсе жакшы болмок», - деди Мирлан Султанов.

 

Источник: osh.turmush.kg

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Источник фото: osh.turmush.kg