Бүгүн Ош шаарынын мэриясында Аракет долбоорунун алкагында түзүлгөн Координдациялык кенештин кезектеги отуруму болуп, анда долбоорго кирген Алай 1, Алай 2, Эдельвейс жаңы конуштарынын жана Манас-Ата кичи районундагы жатаканалардын маселелеринин чечүү боюнча талкуу болду.

Манас-Ата аймактык башкармалыгынын башчысы Жанибек Чолпонбаев негизги көйгөйлөргө токтолуп, долбоордун алкагында кароо үчүн жергиликтүү активисттердин сунушун талкууга койду, ошондой эле Туран аймактык башкармалыгынын башчысы Венера Паизова жергиликтүү комиссиянын чечимин түшүндүрүп, жакынкы жылдардагы эң зарыл болгон маселелердин чечилүүсү боюнча токтолду.

Отурумда Ош шаардык мэриясынын аймактык башкармалыктар боюнча адиси Жылдызбек Сактанов аталган аймактык башкармалыктардын иш-аракети жана аларга кандай жардам берүү боюнча иш тартиптерини айтып берди.

Ошоной эле, Ош шаардык кеңештин депутаты Эсенбек Арзиев аталган жаңы конуштардагы элдин жашоосун жеңилдетүү үчүн өзүнүн сунуштарын айтып, катышуучуларды колдоого чакырды. Талкуунун жүрүшүндө, координдациялык кеңештин мүчөлөрү талкууга активдүү катышып, өз ойлорун жана сунуштарын беришти.

Иш-чара “ Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу” швейцариялык долбоорунун алкагында БУА “ Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору ” тарабынан уюштурулду.

 

#Аракет #Ош #Кыргызстан