«Биргенүгөбүз» аттуу концертибиз: коомчулукту бириктирген жана ынтымакка үндөгөн маданий иш-чара.

2023-жылдын октябрь айынын акыркы күнүндө, Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгында «Бирге өнүгөбүз» деген темада маданий иш-чара болуп өттү. Концертке «Аракет» долбоорунун демилгелүү тобу жана үй-бүлөөлүк жатаканалардын активисттери катышты. Бул көптөн күткөн иш-чара бардык катышуучулар үчүн чыныгы майрам болуп өттү.
Бул иш-чарага жалпы 65 адам катышты, чыгармачылык маданий фестивалга коомчулуктун кызыгуусу жогору экенин көрсөттү. Манас-Ата демилгелүү тобунун мүчөлөрү жана бул иш-чарага чыгармачылык дарамети менен даярданган конуштун активисттери, фестивалдын программасына кирген унутулгус номерлерди көрүүчүлөргө тартуулашты. Алдынкы орундарга сыйлуу белектер берилип, калган катышуучулар дагы көңүл сыртында калбастан ар түрдүү сыйлыктар менен сыйланышты.
«Бирге өнүгөбүз» фестивалы маданий иш-чаралар коомчулукту бириктирип, чыгармачылыкты колдоп, таланттуу аткаруучуларды көрсөтө алаарынын айкын мисалы болду. Бул окуя эстен кеткис эстеликтерди жаратып, бардык катышуучуларды жаңы чыгармачылык жетишкендиктерге шыктандырды.