30-ноябрь, «Манас — Ата» кичи районундагы жатакана жашоочулары үчүн «Үй — бүлөлүк» спорттук мелдеш болуп өттү. Иш — чарага катышуучулар үй-бүлө мүчөлөрүнөн 3 адамдан команда түзүп, жигердүү катышты.

✅ Активдүү катышкан командалар телевизор, микроволновка, термопот жана башка белектерге ээ болушту.

📌 Иш — чаранын максаты жергиликтүү жашоочулар арасында дени сак жашоо образын калыптандыруу, жашоочулардын биримдигин жана үй — бүлөлүк мамилени бекемдөө. Ошондой эле спорт менен алектенүүгө тартуу.

📌 Аталган иш — чара Ош шаардык мэриясы менен биргеликте “Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу” Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында “Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору” тарабынан уюштурулду.