«Манас-Ата» аймактык коомдук кеңеши мэрия өкүлдөрү менен биргеликте Манас-Ата аймактык башкармалыгандагы жатаканада жашагандардын балдары үчүн балдар аянтчасын куруу боюнча маселесин талкуулашты.

Аталган аймактык башкармалыгындагы жатаканада жашаган адамдардын балдарынын сыртка чыгып ойноосу үчүн балдар аянтчасы жок. Учурда балдар аянтчасын куруп берүү каралууда.

Тургундар балдар аянтчасын кайсы жерге курууна жана кайсы жатаканаларынын ортосуна куруу боюнча өз сунуштарын айтышты. Мурда сунушталган жерлерге соода түйүндөрдү ачабыз деп документтерди жасап алышканы жана аларды «Манас-Ата» МАБы жокко чыгаруу боюнча иштеп жатканын кошумчалашты.

Демилге «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан уюштурулду.