Адам укуктары боюнча «Эдвокаси» борбору, Швейцариянын “Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштарда жашаган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу” долбоорунун алкагында 2023-жылдын 12-декабрында ЖМК өкүлдөрүнө пресс-тур өткөрдү.


Анда, “Манас-Ата” аймактык башкармалыгындагы жатакана тургундарынын жана Туран аймактык башкармалыгындагы “Алай 1”, “Алай 2”, “Эдельвейс” конуштарындагы жашоочулардын жол, суу, мектеп, бала-бакча, жарык жана ар кандай мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуудагы көйгөйлөрүн жакшыртуу зарылдыгы бар.

«Мектеп жок, балдар эрте менен саат 6 да жолго чыгышып, 6 чакырым жол басып мектепке барат. Эрте менен караңгы болот. Чөөлөр бар, мектепке кеткенден келгенче сарсаана болосун.» — дейт, Эдельвейс конушунун тургуну.

Ошондой эле, электр мамычалары талапка жооп бербей, жарыктык менен суунун азабы өтүп жатканын Алай 1 жана Алай 2 конушунун жашоочулары толукташты.

Аталган көйгөйлөрдү “Азаттык”, “ЭЛТР”, “АкиПресс”, “Т-Медиа”, “Ош Пирим” жана “Ош жаңырыгы” басма гезитинин журналисттери жеринде көрүп, материалдарды даярдашты.