«Манас-Ата» кичи районундагы бала бакча көйгөйү жергиликтүү тургундар жана жооптуу кызматкерлер менен биргеликтк ачык талкууда.

Анда, бала-бакча ачуу иштери жүрүп жатканы айтылды.

Өлкө боюнча мектепке чейинки жеткинчек балдардын 24 %ы гана бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошол эле учурда мектеп көйгөйлөрү да жок эмес.

Биз кезектеги талкуубузда Ош шаарына караган Туран аймактык башкармалыгынын Алай 1, 2 айылындагы бүтпөгөн мектеп жана Манас-Ата аймактык башкармалыктын жашоочуларынын бала бакча көйгөйлөрүн жергиликтүү тургундар жана жооптуу кызматкерлер менен биргеликте талкуулап, чечүү жолдорун табууга аракет кылдык.