16-май Ош шаарында, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен муниципалдык аймактык башкармалыктардын ортосундагы өз ара кызматташуу талкууланды.

“Аракет” долбоорунун алкагында Ош шаарынын мэриясында муниципалдык аймактык башкармалыктардын, мекеме-ишканалардын ортосундагы кызматташуу боюнча талкуу орун алып, бир катар сунуш, ой-пикирлер айтылды.

Диалог аянтчасынын жыйынтыгы боюнча бул тараптардын ортосундагы байланышты чыңдоо боюнча бир катар сунуштар жана демилгелер иштелип чыгат.

Белгилей кетсек, долбоордун биринчи этабында эки муниципалдык аймактык башкармалыгында инфраструктураны жакшыртуу боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө.

Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан ишке ашырылды.