23-май, Ош шаарынын мэриясынын алдында “Аракет” долбоорунун алкагында түзүлгөн Координациялык кеңешинин отуруму болуп өттү.

Отурумга аталган кеңештин мүчөлөрү жана Манас-Ата, Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыктарынын өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле, Манас-Ата МАБы балдар аянтчаларын куруу боюнча түзүлгөн долбоорунун негизинде комиссия мүчөлөрүнө презентация көргөздү. Анда балдар аянчаларыны курууну зарылчылыгы, максаты жана баасы боюнча кеңири токтолду.

Ал эми Алымбек-Датка МАБы караштуу Эдельвейс жаңы конушуна суу берүүчү станцияны реконструкциялоо боюнча долбоорун сунуштады. Презетациялардан кийин, суроолор жана талкуулар орун алып, Координациялык кеңештин мүчөлөрү аталган долбоорлорду тездетүү үчүн бардык тараптарды аракет кылууга чакырды.