«Алымбек Датка» аймактык башкармалыгындагы Алай 1-2, Эдельвейс конуштарынын жашоочуларына жана «Манас-Ата» аймактык башкармалыгындагы үй-жатакана тургундарына «Мамлекеттик кызматтарды алуудагы санариптик сабаттуулукту күчөтүү» боюнча окутуулар өтүлүүдө.

Толуктай кетсек, 17-20-апрелде «Аракет» долбоорунун алкагында аталган конуштардан жүзгө жакын жакын жашоочуларга «Мамлекеттик кызматтарды алууда санариптик сабаттуулукту күчөтүү» тууралуу ТоТ-тренинги өткөрүлгөн.

Окутуунун жыйынтыгында, катышуучулар жер-жеринде жашоочуларга алган билими боюнча тренинг өтүп, тиешелүү тиркемелер тууралуу маалымат беришүүдө.

Ошондой эле жашоочулар Tunduk, Earlyone, Санарип клиник платформаларын жүктөшүп, колдонуу жолдорун үйрөнүүдө.

Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан ишке ашырылууда.