Ош шаарында “Санариптик трансформация жана мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү мезгилинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу” деген темада экинчи окуу семинары өтүүдө.
Тренингдин негизги максаты – МАБтын өкулдөрү жана максаттуу жамааттардагы кварталдык комитеттердин өкүлдөрү үчүн жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жаатында потенциалын күчөтүү болуп саналат.
Катышуучулар жарандарды жашаган жери боюнча каттоого байланышкан көйгөйлөрдү жана маселелерди чечүүнүн жолдору, кыймылсыз мүлккө жана жерге укуктарды каттоону жөнгө салуучу мыйзамдар жөнүндө, маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамдар, жерге мунапыс, «Санарип аймак» жана «Түндүк» программалары менен иштөө жана колдонуу жөнүндө.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар алган билимдерин иш жүзүндө колдонуу боюнча дискуссия ошондой эле ишке эффективдүү методдорду киргизүү боюнча сунуштар берилет.
Иш-чара “Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу” швейцариялык долбоорунун алкагында БӨУА “Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору” тарабынан уюштурулду.