24-25 апрель, Ош шаарында «Мониторинг жана баалоо» боюнча эки күндүк тренинг өткөрүлдү.

Анда, Алымбек Датка аймактык башкармалыгындагы «Алай 1», «Алай 2», «Эдельвейс» жаңы конуштарынын жана Манас-Ата кичи районундагы үй-жатаканаларындагы жашоочулары катышты.

Окутууда мониторинг жана баалоо негиздерине таянып ар бир жаңы конуш өзүнө тиешелүү маселени кыскча иликтеп жазышты. Ошондой эле сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү менен көргөзүп, аны презентация кылышты.

Катышуучулар ар бир жаңы конуштун долбооруна карата мониторинг планын иштеп чыгышты. Аталган план алдыга коюлган мониторинг иш чарасынын негизги программасы катары колдонулат.

Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан уюштурулду.