2025-жылдын 5-август күнү Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте Алай-1 жана Алай-2 конуштарында Фельдшер-акушердик пункттун (ФАП) жана аллея куруу долбоорлору боюнча жеринде жолугушуулар өткөрүлдү.

Жолугушуунун алкагында долбоорду ишке ашыруу үчүн ылайыктуу жер тилкелери каралып чыгып, алардын жайгашкан орду жана инфраструктурага жеткиликтүүлүгү боюнча маселелер талкууланды. Мэриянын өкүлдөрү сунушталган жерлерди көрүп чыгып, техникалык жактан курулушка ылайыктуулугун баалашты.

Бул жолугушуулар ФАП жана аллеянын курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү максатында уюштурулду.