Алымбек датка муниципалдык башкармалыгындагы «Алай1 жана Алай2» конушунтарында 275 орунду жаңы мектеп ушул жылдын 5-октябрь айында курулушуу бүтурүлүп иштетүүгө берилет.

Учурда аталган конуштарда 9 миңден ашык адам жашап, анын ичинде бир жарым миңге жакынын мектеп жашындагы балдар түзөт. Мектептин жоктугунан балдар шаардын ичиндеги ар кайсы
мектептерге барып билим алышат. Кышында транспорт жана жол көйгөйлөрү айыл тургундары жана окуучулар үчүн кыйынчылыктарды жаратып келет.

275 орундуу мектеп октябрь айынан ишке киргенден тартып балдар жаны курулган мектепке
барып башташат. “Учурда ремонт иштери бүтүп жатат. 5-октябрь Ош шаардын күнүнө бүтүп,
ишке берилет. Мектеп директорунун дайындагандан соң калган мугалим кадрларды ишке алып баштайбыз. Окуучулар мурунку окуп жаткан мектептеринен справка жана өздүк делосу
менен кайрылса мектепке катталат.” – деген маалымат Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан берилди.

Аталган мектеп 2015-жылы башталып курулушу бүтпөй токтоп турган. Жергиликтүү тургундар
2023-жылдын башынан тартып жергиликтүү бийликке жана өлкө жетекчилигине ремонт
иштерин баштоо үчүн кол топтоп, кат жолдошкон. Учурда иш жанданып, ремонт иштери
жүрүп жатат. Быйыл бүткөрүп пайдаланууга берүү максатталган.