2025-жылдын 2–5-декабрь күндөрү Ош шаарында «Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштардын жашоо шартын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Алай-1, Алай-2 жана Эдельвейс конуштарында, ошондой эле Манас-Ата аймагындагы жатаканада жашаган майыптыгы бар жарандар үчүн укуктар жана социалдык кызматтар боюнча атайын тренинг өткөрүлдү.

Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар адам укуктары, социалдык мамлекеттик колдоолордун түрлөрү, реабилитациялык жабдууларды алуу жана камсыздоо тартиби, тиешелүү мамлекеттик мекемелерге кайрылуу жолдору тууралуу кеңири жана практикалык маалымат алышты. Тренинг учурунда күнүмдүк турмушта керек болгон кызматтарды алуу механизмдери менен таанышып, көйгөйлүү жагдайларды чечүү боюнча адистерден сунуш жана кеңештер берилди.

Мындан сырткары иш-чаранын жыйынтыгында 60 жаранга гуманитардык жардам көрсөтүлүп, азык-түлүк топтомдору жана гигиеналык каражаттар таратылды. Бул колдоо долбоордун максаттуу аймактарында жашаган аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык турмушун жеңилдетүүгө багытталды.