19-ноябрь, Бишкек шаарында “Аракет” долбоорунун колдоосунда иш алып барган өнөктөштөрдүн жолугуушусу болуп өттү. Анда, доолбордун алкагында ишке ашырылган беш уюм 2024-жылы алып барган иш аракеттер боюнча маалымат беришти. Ошондой эле, 2025-жылга аткарылуучу иш аракеттери пландалды.

Алар, “Аракет” долбоорунун 1-компоненттин алкагында ыйгарым укуктуу субъектерге адам укуктарын коргоо жаатындагы милдеттерин аткарууда колдоо көрсөткөн Ош шаарында Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору. Бишкек шаарында карылар үчүн ресурстук борбор.

Ал эми, долбоордун 2-компоненттин негизинде жаңы конуш жашоочуларынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу үчүн Ош шаарында Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору, Бишкек шаарында “Арыш” коомдук бирикмеси.

Жаңы конуштарда жашаган аялдар үчүн жумуш жана киреше мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү 3-компоненттин алкагында каралат. Бишкек жана Ош шаарларында “Кыргызстандын тоо коомдорун өнүктүрүүнү колдоо программасы” коомдук фонду жана “Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү фонду” коомдук бирикмеси ишке ашырат.

Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору Ош шаарында “Аракет” долбоорунун эки компоненттинде төрт максаттуу аймакта иш алып барат.