24–25-июлда “Аракет” долбоорунун алкагында медиа мектебинин экинчи этабы өттү. Катышуучулар өз аймактарындагы актуалдуу маселелерди чагылдырган медиа-долбоорлорун сунушташты. Жалпысынан 20 катышуучунун ичинен калыстар тобу эң мыкты 10 медиа долбоорду тандап алды.

Тандалган финалисттер өз идеяларын ишке ашыруу үчүн “Аракет” долбоору тарабынан керектүү техникалык жабдуулар менен камсыз болушат. Алард петличкалар, штативдер, стабилизаторлор жана жарык берүү жабдуулар.

Долбоорлорду баалоо иштерин медиа-тренер Исмаил Карыпов, биринчи этаптын тренери Даяна Данияровна, медиа-адис Алтынай Нурланбек кызы жана долбоордун координатору Давлетбек Арзикулов жүргүзүштү.

Катышуучулар сунуштаган демилгелердин бардыгы коомдук мааниси бар жана өз учурундагы маселелерди камтыган. Тандалып алынган катышуучулар мындан ары да өз медиа-продукттарын иштеп чыгып, жергиликтүү көйгөйлөрдү чагылдыруу иштерин улантышат.