Достор, Кыргызстандагы ала качууга каршы күрөшүүгө багытталган «Жазгы Бишкек» аттуу алгачкы оюн-сериалды тартуулайбыз. Долбоор «Сорос-Кыргызстандын» колдоосу менен өлкөбүздүн жаштарын кыздардын эркиндиги жана укуктары тууралуу маалымдоо максатында жаралды.

«Жазгы Бишкек» – бул «Чабалекейлер» тиркемесиндеги биринчи оюн сериал, анын авторлору ала качууну алдын алуу боюнча иштеген “Айкын багыт” фонду, активист жана сценарист Мария Середа, UX-специалист Ирина Леу, сүрөтчү Татьяна Зеленская жана программист Влад Касаткин.

Оюндун башкы каарманы күтүлбөгөн жерден оор кырдаалга туш болот: биринчи курста чогуу окуган курбусун ала качып кетет, кыздын ата-энеси жана туугандары элдин сын-пикиринен коркуп, аны алып кетишпейт. Бул учурда башкы каарман курбусун сактап калуу же кийлигишпөө жөнүндө чечимди кабыл алышы керек, анткени окуянын башкы каарманы – оюнду ойноп жаткан адам болот.

Оюндун өзү анимацияланган комикс, а сиз оюнчу катары эле окуяларга күбө болбостон, башкы каарман катары репликаларды жана башка аракеттерди тандап, сюжетти өзгөртө аласыз. Башка үй-бүлөнүн иштерине кийлигишүү же сүйүү менен достуктун ортосундагы оор тандоону жасоо сиздин гана чечимиңизден көз каранды болот. Ошондой эле башыңыздан өтпөгөн, буга чейин маани бербеген маселелерди түшүнүүгө аракет жасап, көптөгөн суроолорго жооп издейсиз.

Оюн-сериалдын сценарийи өлкөнүн ар кайсы бурчунда жашаган кыздардын айтып берген ондогон аңгемелерине негизделген. Долбоор адвокаттар, психологдор жана укук коргоочулардын кеңештеринин жардамы менен жаралды.

“Айкын багыт” фондунун директору Мунара Бекназарова:

— Биз кыздарга кыялданууга, чечим кабыл алууга жана өзүн көз карандысыз сезүүгө мүмкүнчүлүк берген оюнду иштеп чыгууга аракет кылдык. Оюн кыздарды өз кыялдарына ишенип, ала качуу аркылуу мажбурланган никеге каршы турууга күч берет деп үмүттөнөбүз, анткени алар гана бул көйгөйдү айтуу менен, өзгөрүүгө багытталган процестти баштай алышат.

«Жазгы Бишкек» оюнун орус жана кыргыз тилдеринде ойной аласыз. Интерактивдүү “китепте” 11 бөлүм бар, азыркы учурда биринчи үч бөлүмү даяр. Калган бөлүмдөр жума сайын сериал катары чыгарылат – чыккан күндөрү жөнүндө социалдык тармак аркылуу алсаңыз болот.

Оюнду акысыз түрдө азыр эле Android же iOS аркылуу жүктөп алсаңыз болот.

Оюнду жүктөө үчүн шилтемелерди сиздин публикацияңызга кошууңузду суранабыз:

Android үчүн жүктөө: https://play.google.com/store/apps/details…

iOS платфорасына жүктөө: https://apps.apple.com/…/%D0%BB%D0%B0%D1%81%D1…/id1515604602

Долбоордун веб-сайты: www.kg.lastochki.info

Instagram долбоору: https://www.instagram.com/vesna_v_bishkeke/