31 марта 2025 года в новостройке «Эдельвейс» города Ош состоялось торжественное открытие обновлённой водоснабжающей станции.
В мероприятии приняли участие представители мэрии города Ош, депутаты городского кенеша, жители района, а также сотрудники проекта «Аракет».
Это долгожданное событие стало важным шагом к улучшению качества жизни в новостройке, где проживает более 300 семей. Ранее местные жители испытывали серьёзные трудности с доступом к воде — старая станция вышла из строя, и людям приходилось доставлять воду из реки «Ак-Буура».
Инициатива восстановления станции была выдвинута самими жителями новостройки «Эдельвейс» и реализована при поддержке мэрии города Ош и правительства Швейцарии в рамках проекта «Аракет». Общая стоимость работ составила 4,6 млн сомов, из которых 2,5 млн были предоставлены проектом «Аракет», а 2,1 млн — профинансированы мэрией. Обновлённая водоснабжающая станция обеспечит надёжный доступ к воде для более чем 1100 человек.
Швейцарский проект «Аракет» помогает сделать жизнь в новостройках комфортнее и безопаснее, находя решения для актуальных проблем местных жителей. Он также оказывает поддержку женщинам и детям, помогая им получить доступ к лучшим возможностям для образования, социализации и экономической стабильности. Проект «Аракет» финансируется правительством Швейцарии и реализуется в Кыргызстане GFA Consulting Group в партнерстве с АНПО «Эдвокаси центр по правам человека».
Ош шаарындагы «Эдельвейс» жаңы конушунда оңдоп-түзөөдөн өткөн суу берүүчү станциясы ишке берилди.
Ош шаарындагы «Эдельвейс» жаңы конушунда суу берүүчү станция оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп иштетүүгө берилди. Салтанаттуу ачылуу аземи 2025-жылдын 31-мартында өттү. Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, жергиликтүү тургундар жана «Аракет» долбоорунун кызматкерлери катышты.
Бул көптөн күткөн окуя жаңы конуштагы жашоо шартты жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп калды. Бүгүнкү күндө «Эдельвейс» конушунда 300дөн ашык үй-бүлө жашайт. Буга чейин эски суу берүүчү станциясы жарактан чыгып калгандыктан, тургундар таза сууну «Ак-Буура» дарыясынан ташып ичүүгө мажбур болушкан.
Станцияны калыбына келтирүү демилгеси «Эдельвейс» конуштун жергиликтүү тургундары тарабынан көтөрүлүп, Ош шаардык мэриясынын жана Швейцария өкмөтүнүн «Аракет» долбоорунун колдоосу менен ишке ашты. Жалпы долбоордун наркы 4,6 миллион сомду түздү. Анын ичинен 2,5 миллион сом «Аракет» долбоору тарабынан, ал эми 2,1 миллион сом Ош шаардык мэриясы тарабынан каржыланды. Жаңыртылган суу чыгаруу станциясы 1100дөн ашык адамды суу менен үзгүлтүксүз камсыздайт.












