Ош шаарында 26-27-ноябрь күндөрү Алай 1, Алай 2, Эдельвейс конуштарынын активисттери, Манас-Ата аймактык башкармалыгындагы үй-жатакана жашоочулары жана МТУнун кызматкерлерине эки күндүк тренинг өткөрүлдү.
Окутуу “Добоор жазуу жана каражаттарды тартуу (фандрайзинг)” тармагында болду. Жалпы 35 активист катыштып, билимдерин жогорулатышты. Катышуучулар каражаттарды тартуу, үч дарак ыкмасы, SMART ыкмасы, тобокелдиктер, долбоордун туруктуулугу, бюджет, мониторинг жүргүзүү жана өтүнмө толтурууда ChatGPT тиркемесин колдонуу жолдору тууралуу билим алышты.
Окутуунун максаты — максаттуу аймактардагы активисттер өз конуштарын жакшыртуу үчүн жаңы долбоорлорду тартууга багытталган.
Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан ишке ашырылды.