Алымбек датка муниципалдык башкармалыгындагы « Алай1 жана Алай2» конушунтарында 275 орундуу мектеп 2015-жылы башталып курулушу бүтпөй токтоп турган. Учурда иш жанданып, ремонт иштери жүрүп жатат. Быйыл бүткөрүп пайдаланууга берүү максатталган.

Аталган конушта 9 миңге жакын адам жашайт. Мектеп окуучулары шаардагы ар кайсы мектептерге каттап окуучу. Жергиликтүү тургундар 2023-жылдын башынан тартып жергиликтүү бийликке жана өлкө жетекчилигине ремонт иштерин баштоо үчүн кол топтоп, кат жолдошкон.

Ошондой эле, “Манас-Ата” муниципалдык башкармалыгында Ош мамлекеттик универистетти 140 балага ылайыкталган балдар бакчасын курууда. Бала бакча август айынын аяктары бүткөрүлүп, сентябрь айынан ишке берүүсү күтүлүүдө. Анда, баасы мамлекеттик жана жеке менчик бала бакчалардын ортосунда болору айтылды.