Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында «Аракет – Кыргызстандын жаңы конуштарында жашаган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Эдельвейс, Алай-1, Алай-2 жана «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгында экологиялык абалды жакшыртууга багытталган изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыгарылды.
Жыйынтыктоочу жыйынга, Ош шаарынын мэриясынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, «Аракет» долбоорунун өкүлдөрү, тиешелүү тармактар боюнча иш алып барган илимий кызматкерлер катышты.
Жыйында, Ош шаарынын аймагындагы жаңы конуштарда негизги экологиялык факторлорго себеп болгон табигый көрүнүштөр, сел кырсыктары, топурак, өсүмдүктөргө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалыматтар берилди. Соңунда жогоруда аталган аймактардагы экологиялык шарттарды жакшыртуу боюнча бир катар сунуш-пикирлер айтылды.
Алар, убактысы жеткен дарактарды ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу, дарактарды суугаруу үчүн арыктарды кеңейтүү жана абаны тазалоо үчүн жаңы демилгелерди сунушталды. Ошондой эле, окуучуларды таштандыларды таштабоого үндөөчү видеороликтерди тартуу сунуштарды дагы каралды.
Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан ишке ашырылды.