18-19-июльда Ош шаарындагы АНПО «Эдвокаси Центр по Правам Человека» «Алай-1», «Алай-2», «Эдельвейс» жаңы конуштардын жана «Манас-Ата» кичи райондун топторунан 25 демилгелүү катышуучуларды чогултуп, адвокация (кызыкчылыктарды алдыга жылдыруу) боюнча тренингдин учурунда билимге жана практикалык сессияларга толгон иш-чараны өткөрдү.
Катышуучулар аталган конуштардын эң актуалдуу көйгөлөрүн изилдеп, адвокация боюнча кампаниянын максаттарын жана аларды аныктоону үйрөнүштү.
Тренингдин жыйынтыктары кандай? Төмөндө адвокация боюнча кампаниянын негизги пландары:
1. Максаттуу жаңы конуштардын жолдордун абалын жакшыртуу.
2. Жарандарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу.
3. Жер участокторун каттоо процессин жөнөкөйлөтүү.
4. Студенттер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында «Манас-Ата» кичи районундагы жатаканаларды оңдоо.
5. Ар бир бала сапаттуу билим алышы үчүн «Туран» МАБда мектептердин жетишсиздигин чечүү.
6. Ош шаарындагы темир заводунун ишинен келип чыккан абанын булганышы менен күрөшүү.
Биздин сессиялар пайдалуу гана эмес, кызыктуу да болду! Биздин тренирибиз Гульгакы Масалиева иш-чараны абдан кызыктуу кылды. Ал биз менен бай тажрыйбасы менен бөлүшүп, бизге кызыктуу роликтерди көрсөтүп, ММКнын ролу жөнүндө айтып берди.
Бул маанилүү иш-чарага катышкандардын баарына терең ыраазычылык билдиребиз. Келечекте адвокация боюнча кампаниялар коомубузду жакшыртууга жардам берет деп ишенебиз.