“Жөлөк пулду көбөйтүү зарыл”
Ош шаарына облустун аймактарынан көчүп келип, убактылуу жашап жаткан ички мигрант аялдар Кыргыз Өкмөтүнө, Жогорку Кеңешке жана КРнын Акыйкатчы институтуна кайрылуу кат жазышты. Алар кыргыз бийлигинен 16 жашка чейинки балдарга делинген жөлөк пулдун суммасын көбөйтүп, аны алуунун жолдорун жеңилдетүүнү суранып жатышат. Мигрант аялдар бир айлык киреше үй-бүлөдөгү ар бир жанга 1000 сомдон ашык туура келсе жөлөк пул берилбейт деген мыйзамдагы норма кайра каралса дешет. Ага удаа эле жөлөк пул чегерүүдө үй-бүлөдөгү мал-жандык, унаанын бар же жогун эсептөөнү да алып салууну сунуштап жатышат.
Айылдан шаарга агылгандар көбөйдү
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки активдүү тышкы миграциялык процесстер менен катар акыркы он жылдыкта өлкөнүн ичиндеги калктын аймактык жылыштары бир топ активдешти. Экономикалык жана структуралык реформалар айылдан шаарга миграциянын өсүшүн шарттап, жумушсуздуктун жана жакырчылыктын өтө жогорку деңгээлине алып келди. Учурда өлкөдө расмий катталган жумушсуздардын саны 92 миңге чукулдайт. Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматына ылайык Кыргызстан калкынын үчтөн бир бөлүгү же 34 пайызы жакырчылыкта жашайт.
Айылдарда жергиликтүү бийлик жана мамлекет тарабынан субсидиялардын же болбосо жумуш орундарынын жоктугу социалдык чыңалууга алып келүүдө. Кары-картаңдар жөлөк пул, пенсия менен күн өткөргөнү менен, эмгекке жарамдуу жаштар үй-бүлөсүн багуу үчүн өз үйүн таштап кетүүгө аргасыз. Бул жаштардын жана эмгекке жарамдуу курактагы адамдардын шаарларга жана облустук борборлорго массалык түрдө агылышын шарттап жатат.
Миграциянын негизги багыттарынын ичинен төрт багытты бөлүп көрсөтүүгө болот:
- айылдан шаарга;
- алыскы тоолуу райондордон өрөөндөргө;
- чет-жакадан административдик жана экономикалык борборлорго;
- жана жалпысынан түштүктөн түндүккө
Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчилиги астында жарыяланган Кыргыз Республикасынын миграциясы боюнча бирдиктүү отчетуна ылайык, мигранттардын 56%га жакынын аялдар түзөт. Үй-бүлөлүк абалына карап, ички миграцияга никеде турбаган же турмушка чыга элек аялдар көбүрөөк тартылат. Билим деңгээли боюнча жалпы орто билимдүү адамдар басымдуулук кылат. ФПАРдын «Ош шаарындагы ички мигрант аялдардын укуктарын жана негизги мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн коргоо» деп аталган изилдөөнүн жыйынтыгы ар кандай социалдык көйгөйлөргө эркектерден караганда аялдар жана балдар көп дуушар болоорун көрсөткөн.
Аталган уюм 2022-2023- жылдары Ош облусунун аймагындагы ички миграция, тагыраагы райондордон Ош шаарына агылган мигранттардын абалын изилдеген. Ага ички миграттар массалык түрдө жайгашкан Ош шаарындагы Эдельвейс, Алай 1, Алай 2 кварталдары, Манас-Ата и Сулайман-Тоо, Туран, Курманжан-Датка жана Жапалак аймагындагы жашоочулар тартылган. Анда Ош шаарындагы ички мигранттардын негизги бөлүгүн Ош облусунун Алай районунан келгендер түзөөрү аныкталган.
Ички мигранттардын 53 пайызы жумуш издеп келгендер
Изилдөөнүн жыйынтыгына ылйык, ички мигранттардын 7 пайызы гана шаарга туугандарынын чакыруусу менен келген. 10,4% студенттер, ал эми 53,3%дан кем эмеси Ош шаарына туруктуу иш издеп келгендер.
Жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын адистеринин айтымында, Ош шаарындагы ички мигранттардын 58% гана убактылуу кирешеге ээ. Бул негизинен коомдук тамактануу ишканаларындагы иш, жеке сектордо ремонт-курулуш кызматтарын көрсөтүү. Шаарга келген ички мигранттардын жалпы санынын 8%ы гана таасирдүү туугандары же айылдаштары бар мамлекеттик же мамлекеттик органдарда жана мекемелерде туруктуу жумушка орношо алышат.
Ички мигранттар жергиликтүү иш берүүчүлөр алар менен эч кандай эмгек келишимин түзүшпөгөнүн, эмгек акы иштеген ар бир күнү же ар бир жумасы үчүн накталай акча менен төлөнүп жатканын, ошого жараша ички мигранттар да, алардын иш берүүчүлөрү да эмгек нормаларын жана салыкты бузуу менен салыктык чегерүүлөрдү жасашпайт.
Иш издеп жүргөндө ички мигранттар, эреже катары, жергиликтүү ишке орноштуруу кызматына эмес, тааныш жакындарына кайрылышат. Ошондуктан, алардын ишке орноштуруу динамикасына байкоо жүргүзүү мүмкүн эмес. Жумуш табуудагы кыйынчылыктарына карабастан, орточо айлык кирешеси 10 000-12 000 сомду түзөт.
Убадаланып бирок сакталбаган укук
Мигранттардын укуктук абалы Кыргыз Республикасынын ички мигранттардын укуктары жөнүндө бир катар мыйзамдары менен корголгон. Алар кайда, кандай шартта жашабасын өлкөнүн башка жарандары сыяктуу эле:
- билим алууга
- акысыз медициналык тейлөөгө
- социалдык жактан коргоолууга укуктуу
Бирок, убактылуу жашаган жеринде каттоого турбагандыктан алар бул мүмкүнчүлүктөрдөн куру калып келишет. Ошентип Ош шаарына көчүп келип күн өткөрүп жаткан жарандар балдарын билим берүү мекемелерин киргизүүдө олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болушат. Изилдөөнүн жүрүшүндө алар бала бакча жана мектептердеги процессти жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган электрондук кезек тескерисинче коррупциянын булагына айланып, ички мигранттардын кыйынчылыктарын күчөтүп жатканын айтышкан.
Ушундай эле көйгөй медициналык кызматтан пайдаланууда да көп кезигет. Изилдөөгө алынган аялдардын дээрлик баары каттоонун жоктугунан акысыз көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар алар үчүн акылуу болуп жатканын билдиришкен.
Кийинки маселе, ички мигрант аялдар «Үй-бүлөгө көмөк» социалдык жөлөк пулун алууда олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыгы. Мыйзам үй-бүлөдөгү ар бир адамдын ай сайын кирешеси 1000 сомдон төмөн болгон учурда социалдык жөлөк пул эсептөө мүмкүнчүлүгүн берет. Бирок дагы деле каттоонун жоктугу ички мигранттарды мамлекеттин бул колдоосунан да куру калтырып келет.
Аймактардан келген мигранттар каттоосун жаңылабагандыктан, жер тилке алууга кезекке туруу же социалдык ипотека алуу сыяктуу программаларга да илешпей калып кетишет.
Ички мигранттардын каттоосун жаңылабагандыгын эки себеби бар. Айрымдар жашаган жерин расмий алмаштыруу менен айылдагы жер үлүшүнөн ажырап калуудан корксо, башкаларына алар жашап жаткан батирлердин ээлери каттоого туруусуна уруксат беришпейт. Анын үстүнө бир алган ижарада узак убакыт жашоо кепилдиги эч кимде жок.
Автор: Кенжебү Мамасадыкова