“Аракет” долбоорунун максаттуу Алай 1, Алай 2 жана Эдельвейс конуштарында жана Манас-Ата муниципалдык аймагындагы үй-жатаканалары  үчүн  аткарылган бир жылдык иш-чаралар боюнча жыйынтыктоочу форум өткөрүлдү.

 Анда,  долбоордун Ош шарындагы үч компонентте иш алып барган координаторлор өз иштери тууралуу толук маалымат беришти. Ошондой эле кичи гранттын негизинде бүткөрүлгөн балдар аянтчалары, насостук станция тууралуу айтылды.

Аталган максаттуу конуштун тургундары, Ош шаардык мэриясынын жана МАБтын өкүлдөрү катышып, талкуу жүргүзүштү. Ошондой эле 2025-жылга сунуштарын айтышты.

Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан ишке ашырылды.