15-сентябрь күнү, Ош шаарындагы Манас-Ата аймактык башкармалыгындагы номер 27 мектепте окуучулар арасында “Спорт – ден соолуктун булагы” аталышындагы спорттук мелдеш өткөрүлдү. Жалпысынан 160 тан ашуун окуучу катышып жигердүү катышкандар сыйланды.

Спорттук мелдештер жеке катышуучу жана командалык эстафета болуп экиге бөлундү. Мелдештерге аталган орто мектептеринин 8-11-класстарынын окуучулары катышып, кыздар жана балдар арасында эки топко бөлүндү. Анда, кол күрөш, таяк тартыш, гиря көтөрүү, шахмат жана тогуз коргоол боюнча түрлөрүнөн өткөрүлдү. Ал эми, топтук эстафета таймашында ар бир класстан алтыдан окуучу катышып, топ менен чуркоо, секирүү, теннис шариги менен чуркоо жана аркан тартыш оюндары камтылды.

Иш-чарада спорттук мелдештерден сырткары спортко тартуу максатында көргөзмөлөр уюштурулуп, көңүл ачуучу концерттик программа менен коштолду. Эң мыкты жасалган кол өнөрчүлүккө баалуу белектер ыйгарылды. Ошондой эле, окуучулар үчүн түштөнүү уюштурулду.

Спортук иш-чаранын баардык эрежелеры жана тартиби сакталуусун, шандуу өтүүсүн, мектеп администрациясы, мугалимдер жана “Аракет” долбордун жаш ыктыярчылары камсыздап берди.

Иш-чаранын максаты жергиликтүү жашоочулар арасында дени сак, сергек жашоо образын калыптандыруу, жаштардын биримдигин бекемдөө жана бош убактысын туура пайдалануусун уюштуруу. Ошондой эле, жергиликтүү бийлик менен жашоочулардын ортосундагы мамилени бекемдөө жана жашоочуларга майрамдык маанай тартуулоо.

Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан ишке ашырылды.