Ош шаарында “Аракет” долбоорунун максаттуу конуштарындагы орто мектептерде окуучулар үчүн Ош Технологиялык Университетинин Технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун мугалимдери менен биргеликте экологиялык сабактар өткөрүлдү.
Окутуулар Алай 1, 2 конуштарындагы №70 орто мектебинде, Эдельвейс конушундагы Нурлан Сайдиев орто мектебинде жана Манас-Атадагы №27 орто мектептерде өткөрүлдү.
Анда, учурдагы жаратылыш коркунучтары жана ар бир аймактагы изилденип чыккан көйгөйлөр туралуу маалымат беришти. Алар Алай 1, Алай 2 жана Эдельвейс конушунтарындагы жаан-чачындын кесепетинен пайда болгон суу ташкындар, жер кыртышынын бузулуусу, таштандылардын кесепеттери боюнча сабактар өтүлдү. Ошондой эле, Манас-Ата аймактык башкармалыгындагы дарактардын кургоосу, таштандылар туралуу дагы айтылды.
Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан ишке ашырылды.







