17–19-февраль күндөрү мектеп окуучулары үчүн «Балдардын укуктары жана милдеттери, өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулар жана жоопкерчилик, социалдык басмырлоо, кибербуллинг жана мектептеги рекетчиликтин алдын алуу» темасында интерактивдүү окуу сабактары уюштурулду.
Иш-чаралар 17-февралда Эдельвейс аймагындагы №55 Н.Садиев атындагы мектепте, 18-февралда Алай-1 жана Алай-2 конуштарындагы №70 мектепте, ал эми 19-февралда Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы №27 мектепте өткөрүлдү. Иш-чарага 12–18 жаштагы окуучулар, социалдык педагогдор жана мугалимдер катышты.
Аталган иш-чаралар «Аракет» долбоорунун алкагында уюштурулуп, долбоордун максаттуу төрт конушундагы мектептерде билим алган балдар үчүн өткөрүлдү.
Сабактардын негизги максаты — окуучулардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, өз укуктары менен милдеттерин билүүсүнө көмөктөшүү жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу. Ошондой эле социалдык басым, мектептеги зомбулук, кибербуллинг жана рекетчилик сыяктуу терс көрүнүштөргө каршы туруу боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйынтыгында окуучулар балдардын укуктары жана милдеттери, жоопкерчилик жана укук бузуулардын кесепеттери тууралуу негизги маалыматтарды алышып, кибербуллингдин, социалдык басмырлоонун жана мектептеги рекетчиликтин алдын алуу жолдору боюнча түшүнүктөрүн кеңейтишти.







