«Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштардын жашоо шартын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Ош шаардык кеңешинин депутаттары үчүн укуктук сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүлдү.
«ЖӨБ органдарынын ишиндеги укуктук сабаттуулук: мыйзамдардын иерархиясы, токтом кабыл алуу жана протокол түзүү» темасындагы тренингде жергиликтүү кеңештин жана мэриянын ыйгарым укуктары, кварталдык комитеттердин жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ) ишинин укуктук негиздери каралды.
Катышуучулар мыйзамдардын иерархиясы, кеңештин сессияларын өткөрүү, токтомдорду кабыл алуу, документтерди каттоо жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө тартиби боюнча маалымат алышты. Практикалык тапшырмалар аркылуу маселелерди тиешелүү органдардын ыйгарым укуктарына жараша кароо жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболорун талкуулашты.
Тренингдин максаты депутаттардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, чечимдерди даярдоо жана кабыл алуу, ошондой эле алардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү.










