28 июнь күнү, Ош шаарынын мэриясынын, МАБтардын жана башка тиешелүү муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине “Аракет” долбоорунун алкагында эки күндүк тренинг болуп өттү.

Аталган окутуу “Муниципалдык мүлктү эффективдүү башкаруу жана муниципалдык кызматтардын экономикалык туруктуулугу” тууралуу болду.

Анда, муниципалдык менчикке байланыштуу бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелер талкууланып, катышуучулар өз ишмердүүлүгү менен бөлүштү.

_______________________________

Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан уюштурулду.