23-24-апрелде Ош шаарындагы Алымбек Датка аймактык башкармалыгына караштуу Алай-1 жана Алай-2 конуштарында жашоочулар менен жолугушуулар өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — “Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштарда жашаган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу” долбоорунун алкагында берилген кичи гранттарды кандай максатта пайдалануу керектигин жергиликтүү эл менен биргеликте аныктоо болду.
Жолугушууда эки жаңы конушка багытталган кичи гранттардын кайсы тармактарга жумшалаары боюнча талкуу жүрүп, тургундар өз муктаждыктарын ортого салышты. Калктын басымдуу бөлүгү фельдшердик-акушердик пункт (ФАП), спорт комплексин куруу, ичүүчү суу жана жол маселелерин негизги приоритеттер катары белгилешти.
Буга чейин ушул эле долбоордун алкагында Ош шаарындагы Эдельвейс конушунда насостук станция реконструкцияланып пайдаланууга берилсе, Манас-Ата кичи районунда жатаканалардын алдына балдар үчүн эки оюн аянтчасы курулган.
Аталган долбоор «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан ишке ашырылууда.







