Ош шаарындагы демилгелүү топтор үчүн 2023-жылдын 23-24-июнунда өткөн эки күндүк тренинг аяктады. Тренингдин темасы “Социалдык мобилизация жана жарандык катышуу” болгон.

Окутуунун негизги максаты – катышуучуларды социалдык мобилизациялоо жана жарандык катышуу концепциясы менен тааныштыруу, ошондой эле жаны конуштарда (дачаларда) Алай 1, Алай 2, Эдельвейс жана Манас-Ата кичи районунун максаттуу жамааттарды өнүктүрүүгө байланышкан социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө алардын маанилүүлүгү жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү билимдерди жана көндүмдөрдү алышты:

  • Жамаатты мобилизациялоо жана тартуу жөнүндө коомчулуктун мүчөлөрүнүн маалымдуулугун жогорулатуу. Социалдык мобилизациянын ар кандай аспектилери, анын ичинде анын концепциясы, түрлөрү, ыкмалары жана механизмдери, ошондой эле топтордун консолидациясы каралды. Катышуучулар жамааттагы көйгөйлөрдү аныктоо үчүн PLA/PRA/PCA инструменттери менен таанышып, мобилизация учурунда жамааттын мүчөлөрүнүн мотивациясын талкуулашты.
  • Мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү менен баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү. Катышуучулар мамлекеттик органдар менен баарлашуунун жана өз ара аракеттенүүнүн эффективдүү стратегиялары жөнүндө маалымат алышты, ошондой эле ийгиликтүү баарлашуу үчүн пайдалуу көндүмдөрдү үйрөнүштү.
  • Мамлекеттик/муниципалдык кызматтарды алуу жөнүндө маалымат берүү. Катышуучуларга мамлекеттик/муниципалдык бийлик жана мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси, ошондой эле аларды алуу жол-жоболору көрсөтүлдү. Тренингдин бул бөлүгүнүн негизги максаты катышуучуларга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды натыйжалуу пайдаланууга жардам берүү болду.

Иш-чара «Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн» швейцариялык долбоорунун алкагында «Эдвокаси Адам Укуктары Борбору» Бейөкмөт уюмдардын ассоцияциясы  тарабынан уюштурулду.

____________________________

Завершился двухдневный тренинг для инициативных групп в городе Ош, который проходил 23-24 июня 2023 года. Тема тренинга была посвящена «Социальной мобилизации и гражданскому участию».

Основной целью тренинга было ознакомление участников с понятием социальной мобилизации и гражданского участия, а также формирование понимания их важности в решении социальных проблем, связанных с развитием целевых сообществ в  жилмассивах  (дачи) Алай 1, Алай 2 и Эдельвейс и микрорайона Манас-Ата.

В ходе тренинга участники получили следующие знания и навыки:

  • Повышение осведомленности членов сообществ о мобилизации и вовлечении сообщества. Были рассмотрены различные аспекты социальной мобилизации, включая ее понятие, виды, методы и механизмы, а также консолидация групп. Участники ознакомились с инструментами PLA/PRA/PCA для выявления проблем в сообществе и обсудили мотивацию членов сообщества во время мобилизации.
  • Развитие навыков коммуникации с представителями государственных органов власти. Участники получили информацию о эффективных стратегиях общения и взаимодействия с государственными органами, а также освоили полезные навыки для успешной коммуникации.
  • Информирование по вопросам получения государственных/муниципальных услуг. Участникам был представлен перечень услуг, предоставляемых государственными/муниципальными органами и учреждениями, а также процедуры их получения. Главная цель этой части тренинга заключалась в помощи участникам в более эффективном использовании государственных и муниципальных услуг.

Мероприятие было организовано АНПО «Эдвокаси центр по правам человека» в рамках швейцарского проекта «Аракет — за улучшение жизни в новостройках Кыргызстана».