Ош шаарында Алай 1, Алай 2, Манас-Ата, Эдельвейс калктуу конуштарынын жашоочуларына эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан социалдык кызматтар боюнча кенири маалымат берилди.
Жыйындарда талкууланган негизги темалардын бири жашы жетпеген балдар учун жѳлѳкпул тууралуу болду. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция департаментинин өкүлдөрү тургундарга үй-бүлөѳлүк абалына, киреше деңгээлине жана башка критерийлерге жараша берилүүчү жөлөкпулдардын ар кандай түрлөрү боюнча кеңири маалымат беришти. Бул жѳлѳкпулдарга: жашы жетпеген балдар учун жѳлѳкпул, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жѳлѳкпул, көп балалуу үй-бүлөѳлөргө жѳлѳкпул жана башкалар кирет.
Бул жолугушууларда жумушсуз жарандар үчүн акысыз курстар тууралуу да маалымат берилди. Катышуучулардын кызыгуусун жараткан курстардын арасында тигүүчү курстар, айдоочулук сабактар, ширетүүчү, электрик жана башка көптөгөн курстар бар. Бул билим берүү программалары жаңы тажрыйбаларды алууга жана ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетсек, бул жолугушуулар бир гана маалымат алуу менен чектелбестен, жашоочуларга суроолорду берип, жекече кеңештерди алууга мүмкүнчүлүк түздү. Бул көпчүлүккѳ кѳйгѳйлѳрдун жол-жоболорун чечүү, арыздарды берүү жолдорун жана кандай документтер керектигин түшүнүүгө жардам берди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция департаментинин өкүлдөрү курстарга катталуу жана мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу боюнча жашоочулар менен мындан ары байланышуу үчүн даректери жана байланыш номерлери менен бөлүшүштү.
Иш-чара “ Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу” швейцариялык долбоорунун алкагында БУА “Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору” тарабынан уюштурулду.