Бүгүн, 12-апрелде, «Аракет» долбоорунун алкагында Алай-1, Алай-2 жана Эдельвейс конуштарында экологиялык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Ош технологиялык университетинин технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун окутуучулары, студенттери жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын негизги максаты — жаштарды жана экоактивисттерди экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө тартуу болуп саналат. Иш-чаранын алкагында айлана-чөйрөнүн булганышы, сел коркунучу жана башка табигый чакырыктар боюнча маселелер талкууланып, тиешелүү демилгелер көтөрүлдү.

Мындан тышкары, конуштарда ишембилик уюштурулуп, таштандылар чогултулуп, аймак тазаланды.