Ош шаарында “Аракет” долбоорунун алкагында максаттуу жаңы конуштарда 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата эки күндүк маданий иш-чара уюштурулду. Иш-чаралар Алай-1, Алай-2, Эдельвейс конуштарындагы жана Манас-Ата МАБындагы үч бала бакчада өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — жаңы конуштардагы бала бакчаларда тарбияланып жаткан бөбөктөргө жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына маданий оюн-зоок кызматтарын жеткирүү, алардын көңүлүн көтөрүү, майрамдык маанай тартуулоо жана чыгармачылык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү болду.
Балдар үчүн “Баластан” куурчак театры тарабынан “Чыныгы дос” аттуу жомок көрсөтүлүп, андан соң аниматорлордун катышуусунда оюн-зоок программалары, бийлер жана кызыктуу оюндар өткөрүлдү. Иш-чаранын соңунда бала бакчадагы тайпалар үчүн оюнчуктар тапшырылып, майрамдык маанай тартууланды.
Мындай демилгелер балдардын социалдык активдүүлүгүн жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, алардын театр жана маданий кызматтарга жетүүсүн кеңейтет.












