Ош шаарында “Аракет” долбоорунун 1-компоненти боюнча 2025-жылдагы жыл жыйынтыгы талкуулаган форум өттү. Иш-чарага Ош шаардык мэрия, шаардык кеңеш, муниципалдык мекемелер, МАБ өкүлдөрү, ОшТУнун мугалимдери, активисттер жана жаңы конуштардан келген тургундар катышты.

Форумдун жүрүшүндө долбоор жаңы конуштардагы өзгөрүүлөргө өзгөчө таасирин тийгизгени баса белгиленди. Диалог аянтчалары аркылуу тургундар көйгөйлөрүн түз айтып, муниципалдык органдар менен түз байланышкан механизмдер активдешкени айтылды. Айрым конуштарда көчөлөргө жарык орнотуу, санитардык көйгөйлөрдү чечүү жана коомдук угууларды өткөрүү сыяктуу иштер жүзөгө ашканы белгиленди.

Ошондой эле окутуу программалары аркылуу активисттер, кварталдык комитеттер жана муниципалдык кызматкерлер жаңы инструменттерди өздөштүрүп, жаңы конуштардагы ишти ыкчам жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алганын билдиришти.

Экологиялык багытта Ош технологиялык университети менен жаңы конуштарда таштанды чогултуу, жашылдандыруу жана маалыматтык акциялар өткөрүлгөнү маалымдалды.

Форумдун жыйынтыгында “Аракет” долбоору жаңы конуштарды өнүктүрүү боюнча ишенимдүү платформага айланып, шаар менен тургундардын ортосундагы кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарганы белгиленди.