2025-жылдын 17–18-июлунда Ош шаарында “Аракет” долбоорунун алкагында “Санариптик трансформация жана мыйзамдагы өзгөрүүлөр шартында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу” боюнча эки күндүк тренинг өткөрүлдү.

Тренинг Алай 2 жаңы конушунда жана Манас-Ата кичи районунда жайгашкан үй-бүлөлүк жатаканалардын тургундары, квартал башчылары, активисттер жана жамаат лидерлери үчүн уюштурулду. Иш-чаранын максаты — жарандардын санариптик сабаттуулугун жогорулатып, мамлекеттик кызматтарды онлайн алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.

Катышуучулар “Түндүк” мамлекеттик кызматтар порталы, “Менин шаарым”, “МБанк”, билим берүү жана саламаттыкты сактоо платформалары, ошондой эле жасалма интеллект жана киберкоопсуздук боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Ошондой эле Kahoot аркылуу интерактивдик викторина уюштурулду.

Мындан тышкары, тренингге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери да катышып, жеке ишкерлик (ИП) боюнча маалымат берип, бирдиктүү салык декларациясын толтуруу жана тапшыруу жол-жобосу тууралуу кеңири баяндама жасашты.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, тренингдин жыйынтыктары талкууланды.

“Аракет” долбоору жаңы конуштардагы турмуш шартты жакшыртууну, жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жана санариптик чечимдер аркылуу мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүктү жогорулатууну максат кылат.