2026-жылдын 28-октябрында Ош шаарында медиа мектеп долбоорунун жыйынтыктоочу форуму болуп өттү. Иш-чаранын максаты үчүнчү агымдын жыйынтыктарын чыгаруу, жаштардын тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү жана алган билимдерин мындан ары да колдонууга шыктандыруу.

Форумга «Медиа мектептин» үчүнчү агымынын 20 катышуучусу катышты. Алар окуу учурунда алган билимдери, практикалык көндүмдөрү жана өз конуштарындагы көйгөйлөрдү медиада чагылдыруу боюнча идеялары менен бөлүшүштү.

Ошондой эле биринчи жана экинчи агымдын бүтүрүүчүлөрү өз тажрыйбаларын айтып, медиаматериалдарды даярдоодо кездешкен кыйынчылыктар, жетишкендиктер жана алган билимдерин иш жүзүндө колдонуу тууралуу ой бөлүшүштү.

Иш-чаранын соңунда үчүнчү агымдын катышуучуларына сертификаттар тапшырылды. Форум жаштардын медиа көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, пайдалуу медиаконтент жаратууга жана өз коомчулугундагы өзгөрүүлөрдү чагылдырууга багытталган дагы бир кадам болду.