2025-жылдын 1-ноябрында Ош шаарында «Аракет» долбоорунун алкагында жана Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте «Спорт – биримдиктин көпүрөсү» аттуу спорттук мелдеш уюштурулду.

Иш-чаранын максаты — жаңы конуштардын тургундарынын ынтымагын бекемдөө жана жаштарды спортко тартуу болду. Мелдешке Алай-1, Алай-2, Эдельвейс конуштарынан жана Манас-Ата жатаканасынан жалпы 12 команда катышты.

Аялдар арасында волейбол, эркектер арасында волейбол жана футбол боюнча таймаштар өтүп, кызуу атаандаштык жаралды. Жыйынтыгында башкы орундарды Манас-Ата аймагынын командалары жеңип алышты.

Иш-чаранын максаты — конуштар аралык достукту бекемдөө жана жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат.