“Эдвокаси Адам Укуктары Борбору” демилгеси менен “Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштардын жашоо шартын жакшыртуу максатта” швейцариялык долбоорунун биринчи компонентинин алкагында Алай 1, Алай 2, Эдельвейс конуштарынын  жана Манас-Ата аймагынын жамааттарында жашаган  жашоочулардын негизги көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын аныктоо максатында  изилдөө жүргүзүлдү.

Изилдөөнүн максаты көрсөтүлгөн аймактардагы негизги көйгөйлөрдү аныктоо, жаңы конуштун жашоочуларынын жашоо шарттарына жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүнө, анын ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо, экология жана башка аспектилерге канааттануу деңгээлин аныктоо болгон.

Изилдөөнүн максаттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Калктын аярлуу катмары үчүн мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү, медициналык кызматтар, иш кагаздарын жүргүзүү, юридикалык социалдык кызматтарды камтыган негизги кызматтарга жеткиликтүүлүктү аныктоо.
  • Максаттуу калктуу конуштардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен жер тилкелери жана аларга документтер, турак жайды каттоо, жашаган жери боюнча каттоо маселелери боюнча жаңы конуштардын жашоочуларынын пикирин билүү.
  • Суу, газ, электр энергиясы, жылуулук, интернет, телефон байланыш, жана кайсы коммуникациялардын бар экендиги боюнча жаңы конуштардын жашоочуларынын пикирин билүү. (Коммуналдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүнүн деңгээли – балоо).
  • Турак жай фондун башкаруу менен байланышкан көйгөйлөрдү аныктоо, анын ичинде үйлөрдүн жанындагы чарбалык участоктор боюнча маселелер, аймакты тазалоо, жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу.
  • Экология жана жагымсыз чөйрө көйгөйлөрүн аныктоо, таштандыларды чыгаруу жана жок кылуу, инфраструктура, эс алуу ж.б.
  • Модалдык жамааттык грантты колдонуунун зарылдыгын жана максатын аныктоо.

Изилдөө максаттуу жамааттардын жашоочуларын сурамжылоону камтыды, мында алардын ар биринде 50 адамдан сурамжылоо жүргүзүлдү, жалпысынан 200 респондент суралган. Учурда жыйынтыктар талданууда жана изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча сунуштарды бере турган отчет даярдалууда.

Бул изилдөөнүн жыйынтыгы “Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштардын жашоо шартын жакшыртуу максатында” долбоорунун кийинки кадамдарына олуттуу таасирин тийгизет. Алар иш-чаралардын артыкчылыктарын так аныктоого жана көйгөйлөрдү чечүү жана максаттуу жамааттардын жашоочуларынын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн натыйжалуу стратегияларды иштеп чыгууга жардам берет.


Исследование потребностей и проблем жителей целевых сообществ города Ош.

По инициативе АНПО «Эдвокаси центром по правам человека» в рамках первого компонента швейцарского проекта «Аракет — за улучшение жизни в новостройках Кыргызстана» было проведено исследование в целевых сообществах Алай 1, Алай 2, Эдельвейс и Манас-Ата с целью определения ключевых проблем и потребностей жителей.

Целью исследования было определить приоритетные проблемы в целевых локациях, выяснить уровень удовлетворенности жителей новостроек условиями жизни и доступностью государственных и муниципальных услуг, включая образование, здравоохранение, экологию и другие аспекты.

Задачи исследования включали:

  • Определить доступ к базовым услугам включая дошкольное и школьное образование, медицинские услуги оформление документов, правовые социальные услуги для уязвимых слоев населения.
  • Изучить мнение жителей новостроек о проблемах с земельными участками и документами на них, оформления жилья, регистрации по месту жительства с учетом специфики целевых поселения.
  • Изучить мнение жителей новостроек о доступности коммунальных услуг, таких как вода, газ, электричество, отопление, интернет, телефонная связь, и т.д. (Уровень доступности коммунальных услуг, —
  • Определить проблемы, связанные с управлением жилым фондом, включая вопросы организации обслуживания домов и придомовых территорий, уборки территории, охраны и безопасности жителей.
  • Определить проблемы экологии и благоприятней среды, утилизации и вывоза мусора, инфраструктуры, досуга, и др.
  • Определить необходимость и назначения по использованию модального гранта для сообществ.

Исследование включало опрос жителей целевых сообществ, где было опрошено по 50 человек в каждом из них, в общей сложности было опрошено 200 респондентов. В настоящее время полученные данные анализируются и готовиться отчет, в котором будут содержаться рекомендации, основанные на результатах исследования.

Результаты данного исследования окажут существенное влияние на последующие шаги проекта «Аракет — за улучшение жизни в новостройках Кыргызстана». Они помогут более точно определить приоритетные направления деятельности и разработать эффективные стратегии для решения проблем и удовлетворения потребностей жителей целевых сообществ.