2025-жылдын 13–17-октябрында Бишкек шаарында Швейцария өкмөтү колдогон «Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштардагы жашоо шартын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Ош шаарынын мэриясынын делегациясынын тажрыйба алмашуу сапары өттү.

Сапардын максаты – муниципалдык башкаруу, шаарды көрктөндүрүү, санариптештирүү жана экология тармактарында тажрыйба алмашуу, ошондой эле борбор калаанын шаардык инфраструктураны өркүндөтүү жаатындагы мыкты тажрыйбалары менен таанышуу болду.

Биринчи күнү делегация Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташтык багыттарын жана эки шаардын өнүгүү артыкчылыктарын талкуулады. Андан соң катышуучулар «Бишкек жылуулук ишканасы» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, жылуулук насосторун колдонуу аркылуу энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоорлор тууралуу маалымат алышты.

Экинчи күн шаарды көрктөндүрүү жана инфраструктура маселелерине арналды. Ош мэриясынын өкүлдөрү «Бишкек суу каналы» жана «Тазалык» ишканаларына барып, суу менен камсыздоо жана канализация системалары, коммуналдык кызматтарды модернизациялоо программалары менен таанышышты. Өзгөчө көңүл туруктуу ЖКХ секторун башкаруу маселелерине бурулду.

Үчүнчү күнү таштандыларды башкаруу жана экология маселелери талкууланды. Делегация Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясына жана кытайлык инвесторлордун катышуусунда курулган таштанды кайра иштетүү заводуна барды. Катышуучулар таштандыларды бөлүү жана кайра иштетүү процесси менен, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы практикалар менен таанышышты.

Төртүнчү күн санариптештирүү жана муниципалдык ресурстарды башкаруу маселелерине арналды. Делегация Санариптик технологиялар борборунда жана Муниципалдык мүлк башкармалыгында болуп, шаардык ресурстарды жана объектилерди башкарууда геопорталдар жана санариптик чечимдерди колдонуу ыкмалары менен таанышты.

Сапардын акыркы күнү транспорт системасын жана жол инфраструктурасын башкаруудагы заманбап технологияларга арналды. Делегация Транспорт департаментине, Бишкек шаарынын шаардык транспортуна жана ситуациялык борборго барып, “акылдуу светофорлор” жана жол кыймылын санариптик көзөмөлдөө системалары боюнча долбоорлор менен таанышты.

«Аракет» долбоору Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатууга, жаңы конуштарды өнүктүрүүгө жана шаардык чөйрөнү жакшыртууга багытталган. Тажрыйба алмашуу сапары эки шаар үчүн туруктуу өнүгүү жана өнөктөштүктүн маанилүү кадамы болду.