17-октябрь, экологиялык акциянын жыйынтыгында Ош Технологиялык Университетинин Технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун мугалимдери “Аракет” долбоорунун алкагында Илимий практикалык форум өткөрүштү.

Форумга эки жүздөн ашуун студенттер, мугалимдер, Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги, Санэпидемстанция жана ЭкоТехИнспекциянын өкүлдөрү катышты.

Аталган илимий практикалык форумдун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында Токтогулов Т. “Ош шаарындагы өзгөчө кырдаалдар жана алардын чечүү жолдорү”, Тешебаева З., “Суу, топурак жана өсүмдүктөрүнө боюнча экологиялык баа берүү”, жана Авазбек уулу Акбуура “Абанын экологиялык абалы”, темаларында катышуучуларга кеңири маалымат беришти.

Форумдун жыйынтыгында активдүү катышуучулар үчүн экология боюнча викторина уюштурулуп жеңүүчүлөр белектерге ээ болду.

Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан ишке ашырылды.