2023-жылдын 5-6-июлда Ош шаарында Манас-Ата кичи районундагы жана Эдельвейс конушунун (дачалары) жашоочулары туш болгон артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо жана изилдөөнүн жыйынтыктарын талкуулоо боюнча коомдук форум болуп өттү.
Форумдун максаты ачык диалог уюштуруу жана коомчулуктун жашоочулары туш болгон артыкчылыктуу көйгөйлөрдү талкуулоо, ошондой эле конструктивдүү чечимдерди сунуштоо болгон.
Форумга активисттер, демилгелүү топтордун мүчөлөрү, мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары жана МАБ “Туран” менен “Манас Ата” өкүлдөрү чогулуп, ачык диалог жана пикир алмашуу аянтчасын түзүштү.
Форумдун жүрүшүндө коомчулуктун жашоочулары туш болгон олуттуу көйгөйлөрдү аныктаган изилдөөнүн жыйынтыктары сунушталды. Форумдун катышуучулары өз ой-пикирин активдүү айтып, жамааттардагы жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча конструктивдүү чечимдерди сунушташты.
Катышуучулардан чогулган маалыматтар, сунуштар жана пикирлер, жашоо шарттарын жакшыртууга жана артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган иш-чаралардын планын түзүүгө жумшалат. Бул план бийлик өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар менен биргеликте иштелип чыгат.
Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында жашаган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу» швейцариялык долбоорунун алкагында «Адам Укуктары боюнча Эдвокаси Борбору» тарабынан уюштурулду.
—————————————————————————————
05-06 июля 2023 года в городе Ош прошел общественный форум, посвященный обсуждению результатов исследования и выявлению приоритетных проблем, с которыми сталкиваются жители сообществ в микрорайоне Манас-Ата и жилмассиве (дачи) Эделвейс.
Целью форума заключалась в организации открытого диалога и обсуждение приоритетных проблем, с которыми сталкиваются жители сообщества, а также предложение конструктивных решений.
Форум собрал активистов, членов инициативных групп, представителей мэрии, депутатов городского кенеша и представителей МТУ Туран и МТУ Манас Ата, создавая платформу для открытого диалога и обмена мнениями.
В ходе форума были представлены результаты исследования которое выявило наиболее значимые проблемы, стоящие перед жителями сообществ. Участники форума активно высказывали свои мнения и предлагали конструктивные решения для улучшения условий жизни в сообществах.
Собранная информация, предложения и мнения участников форума будут использованы для создания плана действий, который будет направлен на улучшение условий жизни и решение приоритетных проблем. Этот план будет разработан совместно с представителями власти и другими заинтересованными сторонами.
Мероприятие было организовано АНПО «Эдвокаси центр по правам человека» в рамках швейцарского проекта «Аракет — за улучшение жизни в новостройках Кыргызстана».