Бүгүн, 22-августа Ош шаарында диалог аянтчасынын биринчи жыйыны өтүп, анда мэриянын өкүлдөрү жана Ош шаарынын депутаттары чогулушту.

Иш-чаранын негизги максаты Ош шаарынын мэриясынын алдында «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу» швейцариялык долбоорун ишке ашырууга активдүү катыша турган координациялык кеңеш түзүү болуп отту.

Иш-чаранын жүрүшүндө “ Эвиденс Центральная Азия” илимий-изилдөө институту жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы сунушталды. Катышуучулар жыйынтыктарды карап чыгып, Манас-Ата, Алай 1, Алай 2 жана Эдельвейс конуштарынын максаттуу жамааттарынын жашоочулары туш болгон көйгөйлөрдү жана учурдагы кырдаалды жакшыраак түшүнө алышты. Бул көйгөйдү жакшыраак түшүнүүгө жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга жардам берет.

Кызматташуу жана ачык диалог аркылуу катышуучулар Манас-Ата, Алай 1, Алай 2 жана Эдельвейс конуштарынын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча идеяларды жана чечимдерди сунуштоо менен чоң салым кошушту.

Ошондой эле ЖӨБ органдарынын потенциалын жогорулатуу үчүн бир нече  тренингдерди өткөрүү пландаштырылган. Бул отурумда боло турган тренингдердин темалары талкууланды.

Иш-чара “ Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу” швейцариялык долбоорунун алкагында  БУА “ Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору ” тарабынан уюштурулду.

———————

Сегодня 22 августа в городе Ош состоялась первое заседание диалоговой площадки, где собрались представители мэрии и депутаты города Ош.

Основной целью мероприятия было создание координационного совета при мэрии города Ош который будет активно вовлечен в реализацию швейцарского проекта «Аракет — за улучшение жизни в новостройках Кыргызстана».

В ходе мероприятии были презентованы результатов исследования проведенного исследовательским институтом «Эвиденс Центральная Азия». Участники смогли ознакомиться с результатами и получить более полное представление о текущей ситуации и вызовах, с которыми сталкиваются жители целевых сообществ Манас-Ата, Алай 1, Алай 2 и Эдельвейс. Это помогло лучше понять проблемы и начать поиск эффективных решений.

Благодаря сотрудничеству и открытому диалогу, участники внесли значительный вклад, предлагая идеи и решения для улучшения качества жизни в сообществах Манас-Ата, Алай 1, Алай 2 и Эдельвейс.

Также для повышения потенциала ОМСУ было запланировано несколько обучающих тренингов. Были обсуждены темы будущих тренингов, которые помогут участникам развить важные навыки и получить знания.

Мероприятие было организовано АНПО «Эдвокаси центр по правам человека» в рамках швейцарского проекта «Аракет — за улучшение жизни в новостройках Кыргызстана».