25-26 Октябрь күндөрү Ош шаарында мэриянын, тиешелүү бөлүмдөрдүн, шаардык кеңештин депутаттары жана шаардык кеңештин аппаратынын өкүлдөрү үчүн тренинг болуп өттү.
Күн тартибинде ар бирибизди түйшөлткөн төмөнкү маселелер каралды: жарандарды жашаган жери боюнча каттоо, жерге мунапыс мыйзамынын алкагында турак-жайларды каттоо жана кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү.
Тренингди «Аракет» долбоорунун өнөктөшү “Адам укуктары боюнча эдвокаси борбору” уюму өткөрдү.