29-август куну Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин улук программалык кызматкери Эльвира Мураталиева Ош шаарында болду.

Эльвира Мураталиеванын иш сапарынын маанилүү бөлүгү болуп: Манас-Ата, Эдельвейс, Алай-1, Алай-2  жаны конуштарынын  демилгелүү топторунун мүчөлөрү менен жолугушуулары болуп отту.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө аталган конуштардын жашоочулары эң актуалдуу жана негизги көйгөйлөр, максаттуу калктуу конуштардын Демилгелүү топторунун мүчөлөрүнүн потенциалын чыңдоо боюнча Аракет долбоорунун иш-чаралары канчалык пайдалуу болгондугу талкууланды. Бул конуштардын жашоочуларынын негизги мамлекеттик/муниципалдык кызматтарга жеткиликтуулугу жана конуштардын активистеринин катышуусу менен эн актуалдуу болгон койгойду чечуу учун гранттарды максаттуу пайдалануу боюнча да талкуу болду. Демилгелүү топтордун мүчөлөрү жана активдүү тургундар адвокаттык тренингдердин жүрүшүндө иштелип чыккан демилгелердин жана пландардын алкагында бул көйгөйлөрдү жана көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун талкуулап, өздөрүнүн тажрыйбалары жана ой-пикирлери менен бөлүшүштү.

Иш-аракеттер жана жолугушуулар бул конуштарга тиешелүү болгон актуалдуу маселелерди чечүү үчүн узак мөөнөттүү пландарды түзүүго мумкунчулук берди.

Иш-чара “ Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу” швейцариялык долбоорунун алкагында БУА “ Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору ” тарабынан уюштурулду.

#Аракет #Ош #Кыргызстан

———————-

29 августа город Ош посетила Эльвира Мураталиева старший программный сотрудник Посольство Швейцарии в Кыргызской Республике.

Важной частью визита Эльвиры Мураталиевой стали встречи с членами инициативных групп из целевых сообществ Манас-Ата, Эдельвейс, Алай-1, Алай-2.

В ходе этих встреч были обсуждены наиболее актуальные и ключевые проблемы, с которыми сталкиваются жители данных локаций, насколько полезны были мероприятия проекта Аракет по усилению потенциала членов Инициативных групп целевых поселений, как проходит информирование по доступу к базовым  гос\муниципальных услугам жителей данных сообществ с участием самих активистов и на какие цели, для общественных нужд поселений использовать модальные стимулирующие гранты. Члены инициативных групп и активные жители делились своим опытом и мнениями, обсуждая пути решения этих вопросов и проблем, в рамках разработанных на тренингах эдвокаси инициатив и планов.

Встречи с инициативными группами стали важным шагом к созданию долгосрочных планов для решения актуальных проблем, которые затрагивают данные сообщества.

Мероприятие было организовано АНПО «Эдвокаси центр по правам человека» в рамках швейцарского проекта «Аракет — за улучшение жизни в новостройках Кыргызстана».