2024-жылдын 14-15-сентябрында Ош шаарында «Аракет» долбоорунун алкагында Ош технологиялык университетинин экология факультетинин студенттери жана окутуучулары менен биргеликте жүргүзүлгөн экологиялык акцияга даярдык көрүү иштери аяктады.

Иш-чаралар экологиялык маалымдуулукту жогорулатуу жана шаардын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча туруктуу чечимдерди иштеп чыгууга багытталган. Максаты Манас-Ата аймактын башкармалыгындагы үй-бүлөлүк жатаканаларынын жана Эдельвейс, Алай 1, Алай 2 конуштарындагы жер кыртышынын, бак-дарактардын, суунун жана абанын абалына баа берүү.

Ошондой эле, курчап турган чөйрөнү жакшыртуу боюнча көйгөйлөрдү жана сунуштарды аныктоо үчүн жергиликтүү тургундар менен сурамжылоолорду жана интервьюларды өткөрдү. Жер көчкү, суу каптоо жана радиациялык булгануу сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин талдоо жүргуздү.

Эко-акциянын натыйжаларында айлана-чөйрөнүн абалы боюнча маалыматтар чогултулуп, экологиялык абалды жакшыртуу боюнча жергиликтүү тургундардан сунуштар айтылды.

Бул жыйынтыктар Ош шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча натыйжалуу стратегияларды иштеп чыгуу үчүн колдонулуп, тиешелүү адисттер сүйлөшүү аянтчалары түзүлүүсү жана конференциялардын өткөрүлүүсү күтүлөт.

Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан ишке ашырылды.