Ош шаарындагы Эдельвейс конушунда жолду оңдоо жана асфальттоо иштери башталды. Бул аймак “Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштардын жашоо шартын жакшыртуу” долбоорунун максаттуу аймактарынын бири болуп саналат. Конушта 300дөй түтүн жашайт. Буга чейин жолдордун абалы талаптарга жооп бербегендиктен, коомдук транспорт каттамы каралган эмес.

Натыйжада, мектеп окуучулар жана жашоочулар күн сайын эки чакырымдай жөө басып, коомдук транспорт токтоочу жерге жетүүгө аргасыз болушкан.

2023-жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан “Аракет” долбоорунун алкагында, транспорт маселеси коомчулук жана шаардык бийлик менен биргеликте көтөрүлүп келет.

Анда, Эдельвейс конушунда мамлекеттик автоинспекция жана Ош шаарынын жол башкармалыгынын өкүлдөрү менен жеринде жолугушуулар өткөрүлгөн. Бул маселелерди чечүү максатында Ош шаардык мэриясына расмий каттар да жөнөтүлгөн.

Бул маселени чагылдыруу максатында, «Т-Медиа» телеканалы мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү боюнча ток-шоу уюштурган. Атайын видео репортаждар даярдалган. Теле берүүдө шаар тургундары, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү жана Жол-кайгуул кызматкерлери катышып, негизги көйгөй — транспорттун жетишсиздиги жана жолдордун начардыгы — кеңири талкууланган.