2025-жылдын 27–28-июнунда Адам укуктары боюнча “Эдвокаси” борбору “Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштарда жашаган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы “Алай 1”, “Алай 2”, “Эдельвейс” конуштарында жана “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жатаканаларда жашаган тургундар үчүн мобилдик медициналык клиника уюштурду.

“Ден соолук кербени” аталышындагы бул акция Ош шаардык мэриясы жана Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасы менен биргеликте өткөрүлдү.

Мобилдик клиникада ар тармактагы адистер — терапевт, кардиолог, ЛОР, невролог, окулист, гинеколог, педиатр, уролог, УЗИ жана рентген адистери, ошондой эле Инфекциялык борбордун дарыгерлери — жеринде акысыз кеңеш берип, бейтаптарды кабыл алышты.

27-июнь күнү “Эдельвейс” жана “Манас-Ата” аймактарынан 200гө жакын жаран саламаттыгын текшертип, керектүү медициналык жардам алды.

28-июнда бул иш-чара “Алай 1” жана “Алай 2” конуштарында улантылып, 170ке чукул тургун акысыз кызматтан пайдаланды.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга акысыз юридикалык кеңештер да көрсөтүлдү.