30-июль күнү «Аракет» долбоорунун алкагында Манас-Ата конушундагы жатакана тургундарына акысыз юридикалык консультациялар көрсөтүлдү.

Иш-чаранын алкагында жашоочуларга социалдык жөлөкпул алуу, ажырашуу тартиби, каттоо маселелери, батир жана ипотекага байланыштуу суроолор боюнча кеңештер берилди. Жарандар өздөрүн кызыктырган бардык суроолор боюнча юридикалык жактан жардам ала алышты.